КУБАНЫЧ
Толковый словарь кыргызского языка. 20151. Кубануу сезими, сүйүнүп, көңүлү көтөрүлүп шаттангандык. Адылдын келиши Анархан менен Дарыяхан үчүн эбегейсиз кубаныч болду (Жантөшев). Мамбеткул Ашым алып келген жаңылыкты кубаныч менен укту (Каимов). Мени кубанычка бөлөгөнү акчанын калдыраганы эле (Усубалиев). Айтматов бар Аалам толук көрүнчү, Ар аткан таң Кубаныч деп сөгүлчү (Акматалиев). 2. Жакшы көргөндүгүн, кубануу сезимин, мээримин билдирүү иретинде балага карата колдонулат. Жок эле менден башка кубанычы, Кайгырса жүрөгүнө медер кылар (Абдыраманов). Оо, менин кубанычым, аман-эсен келдиңби, садага! («Ала-Тоо»).